• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте айрым маршруттук каттамдардын жүрүү схемалары өзгөрдү

24 Үчтүн айы 2022 17:45 Бишкек Govori.TV

Бишкекте №166 маршрутканын жана №12 автобустун кыймылына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында Киев көчөсү менен Тыныстанов көчөсүнө жана Чүй проспектисине чейин №166 кичи автобустук каттамдын кыймылын жарым-жартылай өзгөртүү чечими кабыл алынды. №166 маршрутканын жана №12 автобустун каттамы өзгөртүлдү. Тагыраагы, №166 маршрутка мындан ары мурдагыдай Чүй проспекти менен түз кетпей, Султан Ибраимов көчөсүнөн Киев көчөсүнө чыгат. Ал эми Чүй проспектине кайрадан Тыныстанов көчөсү аркылуу түшөт.

Ал эми №12 автобустун линиясы Беш-Күнгөй айылына чейин узартылды. Ага чейинки маршруту ошол бойдон калды. 

Үч маселе комиссиянын кийинки отурумуна жылдырылган.

Количество просмотров: 237