• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мэрия: Жарандарды ташуу үчүн кошумча транспорт изделүүдө

2 Кулжа 202113:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясынын тиешелүү органдары тарабынан жарандарды ташуу үчүн кошумча транспорт изделүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек шаардык транспорт маселелери боюнча вице-мэри Русланбек Акылбеков билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда Бишкек мэриясынын кызматкерлери ташуучу компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

“Өз кезегинде “Манас” эл аралк аэропорту” ААК шаардыктарды ташуу үчүн Бишкек мэриясына 4 автобус берди”,-деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 2-июнда борбор шаарда коомдук транспорттун тартыштыгы байкалууда, маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын көтөрүп берүү талабы менен иш ташташкан.

Буга чейин ушул сыяктуу кырдаал ушул жылдын кышында болгон.

Количество просмотров: 147