Бишкекте актёр Рыскелди Нурлан уулу кафелердин биринде токмоктолду. Бул тууралуу анын бир тууганы билдирди.
Окуя 11-майга караган түнү болгон. Актёр досу менен Восток-5 кичирайонунда жайгашкан мекемелердин биринде кечки тамактаны барышкан.
Видеокөзөмөл камерасына түшүп калган кадрларда Рыскелди Нурлан уулун эки адам сабап жатканын көрүүгө болот. Анын досуна кийлигишүүгө жана жардам берүүгө мүмкүнчүлүк бербей коюшкан. Жабырлануучу ооруканага жаткырылды.
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы актёрго кол салуу боюнча комментарий берип, 11-майда саат 2:00дөр чамасында 102 кызматына адам сабалганы тууралуу билдирүү түшкөнүн билдирди.
Аталган факты катталып, иш боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Окуя болгон жерге Ички иштер министрлигинин коопсуздук кызматкерлери барышкан. Окуянын бардык катышуучулары тергөө кызматына жеткирилген.