• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Бишкекте алкоголдук продукцияларды өндүргөн мыйзамсыз цех аныкталды

19 Аяк оона 202411:09 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкекте контрафакттык алкоголдук продукцияларды өндүрүү боюнча мыйзамсыз цехти аныкташты. Ведомстводон маалымдашкандай, цехтин имаратын текшерүү учурунда 120 бөтөлкө жасалма арак жана 114 жасалма акциздик маркалар табылган.

Учурда материалдар мындан ары иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек, акциздик маркалары жок 1000 даанага чейин тамеки саткандар үчүн 65 миң сом айып пул, ал эми 1000 даанадан ашык саткандарды 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Салык кызматы ишкерлерди алкоголдук жана тамеки продукцияларын акциздик маркаларсыз сатпоого жана акциздик марканын продукцияга аныктыгын жана шайкештигин кылдат текшерүүгө чакырат.

Количество просмотров: 67