Бүгүн 18-октябрда Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата «Алтын-Куз» жармаңкеси өтүүдө.
Жармаңкеге дыйкандар өздөрү өндүргөн жашылча-жемиштерин, мал жандыктарын, азык-түлүктөрүн жана айыл чарба техникаларын алып чыкты.
Көргөзмөгө республиканын бардык аймактарынан жалпысынан 2000ден ашуун фермерлер жана дыйкандар катышууда.
Жармаңке маданий иш-чаралар менен коштолуп, өнөрпоздор өнөрлөрүн көрсөтүүдө.