Бишкек шаарында 60 жаштагы аял антибиотик ичкенден кийин көз жумду. Бул тууралуу Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборунун директорунун орун басары Егор Борисов билдирди.
Маалыматка ылайык, тез жардам кызматына 60 жаштагы аял аллергиялык реакцияга кабылганы жөнүндө маалымат келип түшкөн.
«Ал өз алдынча антибиотик ичкен, дарыны телефон аркылуу дайындашкан. Дары ичкенден кийин аллергиялык реакция башталган. Ыкчам медициналык жардамга карабастан, тилекке каршы, каза болуп калды», — деди Борисов.
Борисов ошондой өз алдынча дарыланбоого жана дарыгер дайындамайынча антибиотик ичпөөгө чакырды.