• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Бишкекте автобус кабылган жол кырсыгынан 21 адам жабыркады

29 Тогуздун айы 202116:02 Бишкек Govori.TV

Бишкекте эл ташыган автобус жол кырсыгына кабылып, жабыркагандардын саны 21 болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, балдар ооруканасына тогуз бала түшкөн. Ал эми №4 шаардык ооруканага 12 жабырлануучу түшүп, алардын төртөө травматология бөлүмүнө жаткарылган.

«Абалдары канааттандырарлык. Ошондой эле экөө орто оор абалда реанимацияда жатат. Калгандары үйлөрүнө кое берилген», — деп айтылат кабарда.

Количество просмотров: 1851