• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте автобус сүзүп кеткен окуучу кызга операция жасалды

4 Жалган куран 202516:34 Бишкек Govori.TV

Бишкекте No52 жүргүнчү ташыган автобус окуучу кызды сүзүп алган. Жабыркаган кызга операция кече жасалды. Бул тууралуу GovoriTVга Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12 жаштагы кыз оң бутунан чоң жаракат алып, жамбаш сөөгү сынып, балдардын тез жардам клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Операциядан кийинки абалы туруктуу, травматология бөлүмүнө которулду.

Эскерте кетсек, кырсык 3-мартта борбор калаанын No12 кичирайонунда болгон. Окуянын күбөсүнүн айтымында, автобустун айдоочусу кызды зебрадан өтүп баратканда сүзүп алган.

Количество просмотров: 369