• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте аял 4-кабаттан кулап түшкөн

4 Жетинин айы 202111:45 Бишкек Govori.TV

Бишкекте куткаруучулар 4-кабаттан 1-кабаттын бастырмасына кулап түшкөн аялды түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун Байтик Баатыр көчөсүнүн №37 үйдүн 4-кабатындагы батиринин балконунан 1-кабатында орнотулган бастырмага болжол менен 25-30 жаштагы аял киши (аты-жөнү такталууда) кулап түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, аялды чатырдан түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Белгиленгендей, анын абалы канааттандырарлык, колунан жаракат алган

Количество просмотров: 55