• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте аялдын жансыз денеси табылды. Шектүү катары 27 жаштагы жигит кармалды

18 Чын куран 202215:20 Бишкек Govori.TV

Бишкекте көпүрөнүн алдынан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-апрелде саат 14:10 чамасында “102” кызматына Аламүдүн суусундагы көпүрөнүн алдында аялдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Окуя болгон жерде азият түспөлүндөгү болжол менен жашы 40-45 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Кылмышка шектүү жаран окуя болгон жерден качып кеткен. Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, шектүү катары 27 жаштагы Т.С. аттуу жаранды кармашкан. Ал Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 641