• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Ысык-Көлдө коркутуп-үркүтүп, жарандардын бизнесин тартып алууга аракет кылгандар кармалды

1 Бугу 2024 13:56 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери опузалап талап кылып жүргөн шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерине белгисиз адамдар узак убакыттан бери акча талап кылуу жана коркутуп-үркүтүү менен алектенип, жарандардын бизнесин тартып алууга аракет кылып жатышкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.


Ысык-Көл облусунун аймагында бир нече адамдар алдын ала сүйлөшүп алып, криминалдык топтун мүчөсү катары өздөрүн тааныштырып, опузалап акча талап кылуу жана күч колдонуу менен зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен ишкерлерден менчик жана башкаруу укугун берүүнү талап кылышкандыгы аныкталган.


Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.


Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 
жыйынтыгында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери 
тарабынан кылмышка шектүү делип, 1984-жылы туулган К.А., 1994-жылы туулган М.Б., 1993-жылы туулган К.Э. жана 1995-жылы туулган. К.Э. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.  Алардын айрымдары уюшкан 
кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турат. Тергөө иштерин Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.


Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынын 2 айга камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Жайкы туристтик сезондун алдында ички иштер органдары тарабынан коопсуздук чаралары көрүлүүдө, деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 225