• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте аялын аёсуз сабаган дагы бир эркек кармалды

21 Аяк оона 202017:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында аял күйөөсү тарабынан катуу сабалды. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Свердлов РИИБнен кабарлашкандай, 20-сентябрь күнү А.А. аттуу жаран кайрылып, жолдошу А.К.га карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээси 19-сентябрь күнү саат 21:30 чамасында “Учкун” кичи районундагы үйүнүн жанынан күйөөсү аны мас абалда сабаганын билдирген.

«Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. 40 жаштагы шектүү А.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Молдокматованын айтымында, 5 баланын энеси бүгүнкү күндө жардамга муктаж. 

https://www.facebook.com/assol.moldokmatova/posts/3292907247441868
Количество просмотров: 3450