• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бишкекте бүгүн бир нече көчөдө жарык болбойт

17 Баш оона 2021 10:13 Бишкек Govori.TV

Бишкекте эртең, 17-августта, 31 көчөнүн кесилишкен аймагында жарыкты өчүрүү пландалып жатат. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, ишкананын бригадалары жабдыктарды оңдоп-түзөө жана орнотуу иштери менен алектенет.

Электр жарыгы төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Москва көчөсүнүн кесилишинде (№ 184 турак үйү);
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Токтоналиев, Жаманбаев, Табалдиев жана Худайбергенов көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Ак-Ордо (Ак-Булак, Урмат, Тулпар, Чынар, Гагарин, Ырыскы, Калыгул-Бай, Седеп, Бийиктик көчөлөрү), Киргизия, Арча-Бешик (Ак-Таң, Кара-Кужур, Камбар-Ата, Эр-Тайлак, Шералиев, Ак-Туз көчөлөрү) жана Көлмө (Кенеш, Илим жана Мыскал көчөлөрү) конуштары;
  • 9:30дан 17:30га чейин — Ахунбаев (№ 96б турак үйү), Карасаев жана Белорусская көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • 9:30дан 18:30га чейин — Көк-Жар (Молдокулов, Чар, Шоокум, Керемет жана Шапак көчөлөрү) жаңы конушунда;
  • 11:00дөн 12:00гө чейин — Чоң-Арык жаңы конушунда.
Количество просмотров: 139