Бишкекте бүгүндөн баштап көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатылат. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.
Анын айтымында, Кара-Кече кенинен чыккан көмүрдүн баасы 4 миң сомдон сатылат жана бир адамга эки тонна берилет.
“Бишкектин тургундары “Кыргызкөмүр” ишканасы тарабынан уюштурулган жайлардан таңкы саат 9:00дөн баштап арзан көмүр сатып ала алат. Арзан көмүр саткан жерлерде кызыл түстөгү баннерде жазуу турат”, — дейт ал.
4 миң сомдук көмүр сатылган жайлардын даректери: