• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте кампаларда көмүр сатылууда. Баасы жана дареги

8 Баш оона 20229:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы беш кампада көмүр сатылууда. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Алыкулов 6 дарегине 100 тоннадан ашык көлөмдө көмүр түшүрүлдү жана баасы 4 миң сомдон сатылат.

Көмүр сатылган кампалардын дареги:

  • Мурманский 6;
  • Кыргыз Темирдин аймагы;
  • Алма-Ата/Объездной;
  • Кара-Жыгач жана Ак-Босо конуштарындагы ири кампаларда.

Аталган даректерди керектөөчүлөр «Кара-Кеченин» кесек көмүрүн сатып ала алышат.

«Кыргызкөмүр» МИнин жетекчилиги шаардыктарга көмүрдү азыртан баштап сатып алууну сунуштайт», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 479