• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкекте БАЭнин элчилиги ачылат

13 Бирдин айы 2024 9:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жакыр арада Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) элчилигин ачуу пландалууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган маселе президент Садыр Жапаров менен БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруинин жолугушуусунда айтылган.

Тараптардын жолугушуусу Дүйнөлүк Өкмөттөр саммитинин алкагында Дубайда өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү, дипломатиялык, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруи быйыл Кыргызстанга БАЭнин соода миссиясы келерин, ага соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө үчүн ири эмираттык компаниялардын өкүлдөрү кирерин кошумчалады.

Количество просмотров: 43