• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Элчилиги “Шереметьеводо” кармалып турган кыргызстандыктар тууралуу маалымат таратты

25 Жалган куран 2024 9:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги “Шереметьево” аба майданында кармалып турган кыргызстандыктар тууралуу маалымат таратты.

«Алар буга чейин Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн бул өлкөнүн аймагына кирүүгө тыюу салынганы белгилүү болду. Жакынкы рейс менен кайра Кыргызстанга кайтарылат», — деп жазылган маалыматта.

24-мартта Орусиянын аба майдандарында Кыргызстандан учуп барган мигранттар эки күндөн бери эч жакка чыгарылбай кармалып турганы кабарланган. «Азаттыкка» кармалгандардын бири Орусияга биринчи жолу келген жарандар да бар экенин айтып берген.

Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги «Крокус Сити Холл» концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган. Каргашада 100дөн ашуун адам каза болгон.

Количество просмотров: 153