• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Москвада полиция кыргызстандыкка карата күч колдонгон. Элчилик билдирүү таратты

3 Жетинин айы 2021 16:31 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 2-ноябрында социалдык түйүндөрдө тараган россиянын полиция кызматкерлеринин белгисиз жаранга карата күч колдонуп жаткандыгы тууралуу видеотасмага байланыштуу Элчилик төмөндөгүлөрдү маалымдайт.

Элчилик тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуя Москвада 2021-жылдын 2-ноябрында болгондугу аныкталган.

Ошондой эле Россиянын ИИМнин Москва шаарынын Хорошевский районунун милиция кызматкерлери тарабынан күч колдонулган 21 жаштагы Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүгү такталды.
Элчилик Россиянын Тышкы иштер министрлигине нота, Москва шаары боюнча Россиянын ИИМнин Башкы башкармалыгынын Ички коопсуздук башкармалыгына, ошондой эле РФнын Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына кайрылуу жолдоду.

Окуяны объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу максатында, Россиянын ИИМнин Москва шаарынын Хорошевский районундагы полиция кызматкерлеринин аракеттерине юридикалык баа берүү өтүнүчү айтылды.

Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат.

Количество просмотров: 856