Бишкек.11.07.2019.Govori.TV
Бишкектеги Фрунзе менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз аял баласын алдына отургузуп алып, унаа башкарып бара жаткан видеосу социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратты.
Аталган видеону күбөлөрдүн бири тартып алып, Facebook баракчасына жүктөгөн.
Ал эми ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочу келиндин издеп жатышканын айтты.