Бүгүн саат 19:00дө Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысынын оту жанды. Майрамдык иш-чарага калаа тургундары, меймандар катышты.
Быйыл да балаты чоң фонтандын ордуна орнотулган.
Балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, каркасына 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилген.