• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте батир өрттөнүп, бир киши каза болду

24 Тогуздун айы 202110:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдүн батиринен чыккан өрттүн ичинде калган эркек киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, болжол менен саат 04:02 чамасында Ленин районунун Ден Сяопин көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрдүн бириндеги батирде жыгач пол жана диван күйгөн. Өрттүн кесепетинен бир эркек киши каза болгон.

Тилсиз жоо толугу менен саат 04:52де өчүрүлгөн. Министрликтен өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан келип чыккан. Маркумдун аты-жөнү такталууда.

Количество просмотров: 181