• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте бир апта ичинде 5 миң 558 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

14 Бирдин айы 2022 10:39 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 4-10-февраль күндөрү Бишкек шаарынын аймагында 5 миң 558 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, алардын ичинен:

  • мас абалында автоунаа башкаруу — 92;
  • автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 12;
  • айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу — 47;
  • техникалык каражаттарды каттоо эрежесин бузуу — 146;
  • автоунааны техникалык бузуулары менен башкаруу — 5;
  • жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар — 192;
  • башка жол эрежелерин бузуулар — 5 064. Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 538 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.
Количество просмотров: 108