• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Бишкекте “Бир дүйнө Кыргызстан — 2023” фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

1 Бештин айы 202320:53 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бүгүн, 1-декабрда адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө Кыргызстан 2023” эл аралык XVII фестивалы жыйынтыкталды.

27-ноябрда башталган фестиваль, аны уюштуруп жаткан “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунун белгилешинче, “Искусство аркылуу адам укугу” – “Human Rights trough Art” жаңычыл форматы аркылуу жергиликтүү жана эл аралык эксперттердин, документалисттердин катышуусунда адам укуктары жаатындагы даректүү чындыктарды талкуулоо үчүн кенен аянтча түзүп берди.

Жыйынтыгында, мыкты чет өлкөлүк фильмин «Записки военного времени» аталышындагы режиссер Барбары Купистинин (Италия) тасмасы алса, социалдык, эмгектик, экономикалык жана маданий укуктар жөнүндө мыкты тасма номинациясы боюнча байге «Медик» тасмасына берилди, режиссер — Алижан Насиров (Кыргызстан).

Климаттык өзгөрүүлөр боюнча мыкты тасма номинациясы боюнча байгени «Тамчы суу өмүр берет» режиссер Фаршид Азари алды.

Ал эми жарандык жана саясий укуктар жөнүндө мыкты тасма номинациясы боюнча байгени «Биздин балалыктын асманы» тасмасы алды режиссерлор Сүйүмкан Сулайманова жана Жуманазар Койчубеков (Кыргызстан).

Фестивалдын баш байгесин “Бизден да көп” деп аталган тасма жеңди, анын режиссеру Флор Вассёр. Ад эми калыстардын атайын байгесин “Анын аты Ракия” тасмасы алды (Режиссер Элина Ликходаева, Кыргызстан).

Эске салсае, буга чейин “Кыргызтасма” мамлекеттик киноборбору “Бир дүйнө — Кыргызстан” эл аралык кинофестивалынын алкагында эки фильмди көрсөтүүгө тыюу салды. Көрсөтүүгө тыюу салынган чыгармалар — италиялык режиссёр Барбара Купистинин “Согуш мезгилиндеги эскерүүлөр” жана украиналык режиссёр Алиса Коваленконун “Биз жоголбойбуз” тасмалары.

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы тасмаларга байланыштуу маселе боюнча Башкы прокуратурага жана өлкөнүн акыйкатчысына арызданды. Уюм “Кыргызтасманын” мыйзамсыз аракетин токтотууну, ага юридикалык баа берүүнү, тийиштүү кызматкерлерине чара көрүүнү өтүнгөн.

Количество просмотров: 184