• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкекте бир катар көчөлөр жабылат

26 Баш оона 2021 16:44 Бишкек Govori.TV

Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдык көрүү боюнча борбордук жана Турдакун Усубалиев атындагы аянттын айрым көчөлөрү бүгүн, 26-августта, саат 17:00дөн 22:00гө чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Мааалыматка ылайык, майрамга даярдык көрүү боюнча өткөрүлгөн иш-чараларды өткөрүү учурунда борбордук аянтка чектеш көчөлөр: Чүй көчөсүнүн Орозбеков көчөсү менен кесилишкен жеринен тартып, Эркиндик бульварына чейинки аралык. Ал эми Турдакун Усубалиев атындагы аянт Абдумомунов көчөсү Орозбеков көчөсү менен кесилишкен жеринен тартып, Эркиндик бульварына чейинки аралыгы бүгүн кечки саат 17:00дөн 22:00гө чейин убактылуу жабылат.

Ошондой эле эртең, 27-августта, Эски аянт кечке чейин жабык болот.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды түшүнүү менен кабыл алып, жолго чыгууда алдын ала пландоо менен башка жолдор менен жүрүүнү эскертет.

Количество просмотров: 213