Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Бишкек шаарынын мэри болуп экс-мэр Айбек Жунушалиев дайындалды. Мурдагы калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров мэрлик кызматта болгону бир жылга жетпеген убакыт турду.
Талдоочулар мамлекеттик кызматта жыйынтыкка жетишүү үчүн жетекчи кеминде 3 жыл иштеши керек экенин айтышууда.
Мэрлердин бат-бат алмашуусу коомчулуктун сынына кабылып келет. Бул боюнча депутаттардын пикири кандай?