• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте бир катар мектептерде жана бала бакчаларда жылуулук берүү токтотулду

10 Жетинин айы 202211:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы №65, 39 мектептерде жана №173, 75 бала бакчаларда жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемелеринде жылытуу системасы ишке киргенде авариялык кырдаал жаралган. Буга байланыштуу билим берүүмекемелерине жылуулук берүү токтотулган.

«Көйгөйлөрдү жоюуга чейин №65 мектеп онлайн окутууга өттү», — деп белгилешти муниципалитеттен.

Капиталдык курулуш башкармалыгы мыйзам чегинде тендерлерди ыкчам өткөрүп, подрядчылар менен келишимдерди түздү.

Маселе Бишкек мэриясынын жетекчилигинин көзөмөлүндө.

Количество просмотров: 151