• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош шаарына качан жылуулук берилет?

3 Жетинин айы 202514:56 Бишкек Govori.TV

Ош шаарына 3-ноябрдан 4-ноябрга караган түндөн тарта жылуулук берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда чечим кабыл алынып, тиешелүү тармактарга тапшырмалар берилди.

Жылуулук этап-этабы менен берилип, 3-4 күндүн ичинде толук жеткирилет. Алгач ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин турак жайлар менен мекеме-ишканалар жылуулук менен камсыздалат.

Количество просмотров: 130