• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте жылуулук качан берилет?

21 Тогуздун айы 20259:09 Бишкек Govori.TV

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынан шаардын тургундарынын үйлөрүнө жылуулук качан бериле турганын айтышты.

Муниципалдык ишкананын башкы инженеринин имарат ичиндеги системалар боюнча орун басары Юрий Дмитрущенконун айтымында, үйлөргө жылуулук атайын эрежелердин негизинде берилет. Башкача айтканда, беш күн бою шаарда орточо суткалык температура 8 градустан төмөн болсо, жылуулук берилет.

«Бул аныкталган эреже. Эгерде абанын температурасы 8 градустан төмөн болуп, беш күндөн ашык сакталса, мэрия борбор калаада жылуулукту берүү боюнча буйрук чыгарат», — деп түшүндүрдү адис.

Количество просмотров: 157