ӨКМ кызматкерлери каналга агып бара жаткан баланы куткарышты.
ӨКМдин куткаруучулары Ош шаарындагы «Жаннат Резорт»курортунун жанындагы каналда эс-учун жоготуп тез аккан сууда агып бараткан баланы байкашкан.
Куткаруучулардын аракети менен бала суудан чыгарылган. Баланын пульсу жоголуп, денеси көгөрүп кеткен. Кызматкерлер эсине келтирүү ыкчам аракетин көрүшкөн.
Куткаруучулар балага биринчи жардам көрсөтүп, андан кийин дарыгерлерге өткөрүп беришкен.
Азыр баланын абалы жакшы.
Баланын ата-энеси куткаруучуларга ыкчамдыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.