• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте бирөөнүн батирин ижарага берип салган жаран кармалды

25 Тогуздун айы 2022 11:33 Бишкек Govori.TV

Бишкекте ижарага алган батирди башка бирөөгө ижарага берип салган жаран кармалды. Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, 28-сентябрда С.Н. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, Н. аттуу жаранга чара көрүүнү сураган. Шектүү Панфилов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө жайгашкан батирди бир суткага ижарага алып, аны кайра башка бирөөгө 34 миң сомго ижарага берип салган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (“Алдамчылык”) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү 26 жаштагы Ш.Н. аттуу жаран Ош облусунан табылып, тергөө кызматына жеткирилген. Ага карата Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.

Шектүүнүн жанынан бир катар сим-карта жана уюлдук телефондор алынган.

Количество просмотров: 99