• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте бир жумада 39 мас айдоочу кармалды

20 Теке 202014:12 Бишкек Govori.TV

12-19-июль күндөрү Бишкек шаарында 539 жол эрежесин бузуу учуру катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 169 унаа айып аянтчасына коюлган — алардын ичинен 79 унаа эвакуатор менен чыгарылган.

Бир жума ичинде катталган жол эреже бузуулар:

  • мас абалында унаа айдап кармалгандар — 39 айдоочу;
  • алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып алгандар — 4 айдоочу;
  • айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдагандар — 21 айдоочу;
  • башка жол эреже бузуулар — 475.
Количество просмотров: 91