• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

17 Жетинин айы 2020 14:53 Бишкек Govori.TV

24-28-ноябрь күндөрү Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда эркектер жана аялдар арасында  Кыргызстандын бокс боюнча чемпионаты өтөт.

Чемпионат жаңы олимпиадалык циклге улуттук курама командаларды түзүү, республиканын аймактарында боксту өнүктүрүү жана өлкөнүн жаштарынын арасында боксту жайылтуу максатында өткөрүлүп жатат.

«Мелдеш эркектер арасында 10 салмактык категорияда жана аялдар арасында 5 салмактык категорияда өткөрүлөт. 24-27-ноябрь күндөрү – алдын ала беттештер, чейрек финал, жарым финал өтөт. Ал эми 28-ноябрь күнү финалдык оюндар болот»,-деп айтылат маалыматта.

Чемпиондуктун уюштуруучулары: Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын Бокс федерациясы. Уюштуруучулардын айтымында, турнирде 15 медалдар топтому ойнотулат — эркектер үчүн 10 жана аялдар үчүн 5.

Количество просмотров: 49