• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте бильярд боюнча өлкө чемпионаты өтөт

11 Бирдин айы 2021 9:34 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бильярддын «Айкалышкан пирамида» түрү боюнча эркектер жана аялдар арасында өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мелдеш 24-26-февраль күндөрү Бишкектеги PAVO бильярд клубунда өтүп, көрүүчүлөр киргизилбейт.

Кошумчалай кетсек, мелдешти Кыргызстандын Бильярд спорту федерациясы Олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы менен биргеликте уюштурууда.

Количество просмотров: 37