• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мушкер Арваз Ахмади Азия чемпиону болду

10 Аяк оона 202414:59 Бишкек Govori.TV


Кыргызстандык мушкер Арваз Ахмади бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду.

Мелдеш Бириккен Араб эмиратында өттү. Таймашка 15-16 жаштагы спортчулар катышты.
Ахмади 66 кг салмакта беттешке чыкты. Алгачкы беттешинде казакстандык спортчуну жеңди. Андан кийинки беттешинде ирандык мушкерди утуп, финалга жолдомо алды.

Финалда өзбекстандык спортчуну 5:0 эсебинде жеңип, Азия чемпиону аталды.

Ал эми 57 кг салмакта Кутманбий Муратов финалга чейин жетип, финалда жеңишке бир кадам жетпей күмүш медалга ээ болду.

Количество просмотров: 105