• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Бишкекте бычак көтөргөн беткапчандар адамдарды тоноп кеткен

11 Бештин айы 202421:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек ШИИБдин маалыматына ылайык, милицияга саат 17:00 чамасында Чокморов көчөсүндө белгисиз адамдар мушташып жатканы боюнча маалымат түшкөн.

“Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Кол салгандар Ford Focus автоунаасы менен качып кеткени аныкталды. Маалыматтар боюнча алар акча каражатын тоноп кетишкен, жабыркагандар бар, келтирилген материалдык чыгымдын суммасы такталууда”, — деп жазылган маалыматта.

Социалдык тармактарда тараган видеого караганда, кылмышкерлер экөө болгон. Аларга каршылык көрсөтүлүп, бирок кийин шериктери жардамга келип, качып кетишкен.

«Перехват» планы жарыяланганы кошумчаланды.

Количество просмотров: 220