2025-жылдын 1-январынан 31-мартына чейин Бишкекте муниципалдык автобустар катышкан 158 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.
Белгиленгендей, 2024-жылдын ушул эле мезгили менен салыштырганда, мындай кырсыктар 15% га көбөйгөн.
Көзөмөл органдарынын маалыматына ылайык, автобус айдоочулар тарабынан жол эрежелеринин бузулушу да көбөйгөн. Кырдаалды туруктуу кылып, айдоочулардын маданиятын жогорулатуу максатында «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги, жол кыймылынын көзөмөлдөө органдарынын өкүлдөрү жана Бишкек шаарындагы Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун филиалынын катышуусу менен атайын түшүндүрүү иш-чарасы уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга төмөнкүлөр сунушталды:
Иш-чаранын негизги максаты — жолдордогу коопсуздукту жогорулатуу, авариялык кырдаалдардын санын азайтуу жана айдоочуларды өз укуктары менен милдеттеринен кабардар кылуу.