• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Бишкекте чет элдик жарандар мушташкан. Милиция шектүүлөрдү кармады

13 Жетинин айы 202210:26 Бишкек Govori.TV

Свердлов РИИБнин ыкчам кызматкерлери бейбаштыкка шектелген чет элдик жарандарды кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Жеңиш аянтында Пакистандын жарандары ортосунда мушташ болгон.

Маалым болгондой, 2022-жылдын 11-ноябрында полицияга Пакистандын жараны 10-ноябрь күнү кечинде Жеңиш аянтында эч себепсиз денесине залал келтирген эки мекендешине жана башка белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголду.

Комплекстүү издөө-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр аныкталып, кармалган. Алар ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Басма сөз кызматы билдиргендей, мушташтын башка катышуучулары да аныкталып, милиция бөлүмүнө алынып келинип, алардын аракеттерине да тиешелүү юридикалык баа берилет.

Количество просмотров: 203