• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Эң алгачкы социалдык бизнес такси иштеп баштады

29 Баш оона 201910:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.

Кыргызстандагы тогуз мекенчил коомдук ишмерлер, жети дубандан жана эки шаардан жети мырза эки айым биригип элге социалдык жардам берүүнү көздөгөн «Жоломан Элдик Такси» социалдык долбоорун түзүштү. Уюштуруучулардын айтымында, ишмерликтен түшкөн кирешенин 30% элдин актуалдуу маселесине жумшалат. “Мүмкүн тышкы карызды жабыш керек, балким кайракы жерлерге суу чыгарылаттыр, а балким стартап аттуу жаңы элге пайдалуу долбоорлорго жумшалаттыр баарын элдин катышуусу менен ортодо талкууга салынып жумшалат”, — деди негизидөөчүлөрдүн бири Туратбек Керимкулов. Ошондой эле, Керимкулов кошумчалагандай элге бөлүнгөн үлүш 30% чынында аз үлүш эмес, бул үлүш “Элдик Казына” фонду аркылуу элге жумшалат экен. Мындай милдеттер мекеменин токтом чечими менен бекитилген.

“Жоломан” такси кызматынын эң негизги принциби — жоопкерчиликтүү сылык кызмат. Буюртма жүргүнчү аялзатыбы, жаш балабы же баалуу буюм жеткирүү болобу жоопкерчиликтүү кызмат көрсөтөт.

Мындан сырткары, унаа тармагындагы профсоюздун алкагында, такси айдоочуларына да иштөө, жашоо шарттарын жакшыртуу максатында юридикалык, техникалык, социалдык жана финансылык колдоолор каралган. Ыңгайлуу технологиядан тышкары акция бонустар, буйуртамадан комиссия башкаларга салыштырмалуу эки эсе арзан жана башка көптөгөн жакшы шарттары бар.

Кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн заманбап интернет тиркеме да иштелип чыккан. Ал “Google Play” жана “App Store” до жеткиликтүү. Эң башкысы унааны тандоо мүмкүнчүлүгү бар жана баасы да кымбат эмес. Жүргүнчү болсо, интернет тиркемесинде жакынкы такси унаалардын сүрөтүн, аралыгын, чыккан жылын жана айдоочусу тууралуу маалыматтарды ала алат.

Уюштуруучулар “Жоломан” такси кызматын колдонгонуңуз бул элиңиздин камын көргөнүңүз гана эмес, бул дагы сиз үчүн ыңгайлуу жана жоопкерчиликтүү”-деп белгилешет. Дал ушундай элди ойлогон социалдык бизнестер мекенибизде көп болсө, башка коммерциялык фирмаларга бул элдик ишмерлик үлгү болоруна ишеним чоң. Социалдык долбоордун башкы урааны, “Жолдо жүргөн жолоочуларды жолдун пири Жоломан колдосун”.

Количество просмотров: 427