Милициянын кайгуул кызматкерлери ээнбаштык кылган шектүү жарандарды кармады. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 29-декабрь күнү болжол менен саат 04:30 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Батыш автобекетинде белгисиз адамдар урушуп жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1983-жылы туулган Х.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жарандар арыз ээси менен уруша кетип, арыз ээсинин денесине залакат келтирип, катуу сабап салганын айткан.
Ыкчам кармоо иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1978-жылы туулган С.Ж. жана 1994-жылы туулган Б.К. аттуу жарандар кармалышкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда Биринчи Май РИИБи тергөө иштерин жүргүзүүдө.