• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте эки троллейбустун каттамы убактылуу өзгөрөт

9 Тогуздун айы 202317:47 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте №7 жана №8 троллейбустук каттамдардын кыймылы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, өзгөртүүлөр №18 көмөкчордондун фидердик өчүргүчтөрү белгисиз себептерден улам иштен чыккандыгына байланыштуу орун алды.

Кырсык жоюлганга чейин троллейбустук каттамдар убактылуу кыскартылды:

— №8 маршруттук каттам Чыгыш автобекетинен Тимур Фрунзе жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишине чейин;
— №7 маршруттук каттам – Тунгуч кичи районунан – Москва жана Ю.Фучик көчөлөрүнүн кесилишине чейин.

Количество просмотров: 170