Бишкекте троллейбустар түнкү саат 23:00гө чейин иштемей болду
Бишкекте троллейбустар түнкү саат 23:00гө чейин иштемей болду
3 Кулжа 2021 9:31 Бишкек Govori.TV
Маршруттук таксилердин айдоочулары каттамга чыкпагандыгына байланыштуу Бишкек троллейбус башкармалыгы калаадагы троллейбустардын ишин түнкү саат 23:00гө чейин узартты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, троллейбустар жакынкы күндөрү таңкы саат 5:40тан түнкү саат 23:00гө чейин төмөнкү маршрут боюнча каттайт:
№ 2 — “Эт комбинаты” — Аламүдүн-1 кичи району;
№ 4 — “Эт комбинаты” — “Кожзавод”;
№ 5 — Тунгуч — Жал кичи району;
№ 6 – 8-кичи району — Батыш автобекети;
№ 7 — “Ош” базары — Тунгуч кичи району;
№ 8 — Чыгыш автобекети — Жер иштетүү институту;
№ 9 — Жер иштетүү институту — Аламүдүн-1 кичи району;