• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте электр жылыткычтардын баасына көзөмөл жүргүзүлдү 

2 Бирдин айы 2024 17:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылууга байланыштуу электр жылыткычтардын бааларына көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматтын Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын кызматкерлери менен биргеликте «Дордой», «Аламүдүн», «Орто-Сай» жана «Ош» базарларында электр жылыткычтарды саткан ишкерлерге жана базардын жетекчилерине баалардын көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Кызматкерлер сатуучуларды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын так сактоого жана бааларды жогорулатпоого чакырды.

«Азыркы мезгилде базарларда эч кандай тартыштык жок. Сатуучулар КР колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын сактоого, бааны жогорулатпоого милдеттедирилди», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлгөн. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, кырсыкка байланыштуу буга чейин КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана энергетика министри Таалайбек Ибраев чет өлкөдөгү иш сапарларын үзгүлтүккө учуратып, Бишкекке кайтып келишкен.

Президент Садыр Жапаров ЖЭБдеги абалды жеке көзөмөлүнө алып, кийин ЖЭБди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, тез арада үйлөрдү жана социалдык объектилерди жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү тапшырган.

Количество просмотров: 333