• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Бишкекте эркек киши жарандык никедеги аялын үтүк менен күйгүзүп кыйнаган

6 Тогуздун айы 202316:32 Бишкек Govori.TV

Бишкекте эркек киши жарандык никеде жашаган аялынын колун үтүк менен күйгүзүп кыйнап, зордуктаган. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, жабыркаган аялдын жарандык жолдошу 38 жаштагы Э. У. Ал American school ЖЧКсынын директору болуп саналат. Келиндин айтымында, 14-сентябрда аны жарандык күйөөсү катуу сабап, колуна үтүк басып күйгүзүп, андан кийин зордуктаган.

«Аялдын айтымында, мунун баары анын кичинекей кызы башка бөлмөдө отурган кезде, алардын батиринде болгон. Аял ич кийими менен жылаңайлак көчөгө качып чыккан. Ал күзөтчүнүн күркөсүнө жашынып, кошуналарынан көмөк сураган. Коңшулары аны жумушка жеткиришип, ал жерден аялга зарыл болгон жардамды көрсөтүшкөн. Ошол эле күнү аял милицияга кайрылган», — деп айтылат маалыматта.

Аялдын жактоочусунун айтымында, 15-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь  райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Келиндин жарандык күйөөсү 15-сентябрда кармалып, 16-сентябрда Октябрь райондук соту аны №1 тергөө абагына эки айга камакка алган. Бирок аялдын жарандык күйөөсүнүн жактоочусу соттун чечими боюнча шаардык сотко арызданган. Бүгүн, 6-октябрда Бишкек шаардык соту апелляциялык арызды карайт.

Жабыркаган келин сот анын жарандык жолдошун эркиндикке кое берет жана ал кайрадан ага кордук көрсөтөт деп коркууда.

«Мен мурда өлүмдөн коркчу эмесмин, ал тургай бул тууралуу ойлочу да эмесмин. Мен азыр абдан коркуп калдым. Кичине эле добуш болсо калтырап кетем. Башымдан өткөргөн азап-тозок кайра башталабы деп чочулайм. Күйөөм мурда эле уруп-сабап, зордуктап жүрчү. Бирок мен кимдир-бирөөгө айткандан кооптончумун, анткени ал «кызымды алып кетем, сен аны эч качан көрбөйсүң» деп коркутчу. Анан калса ал мен укук коргоо органдарына кайрылсам, баары бир жазадан кутулуп кетчүдөй сезилчү. Азыр дагы ошентип кооптонуп жатам. Мен өзүмдүн кызым үчүн корком», — деп ыйлады аргасы кеткен аял.

Акыйкатчы укук коргоо, сот жана прокуратура органдарын аялдын укугун коргоп, кайрадан зомбулукка кабылуусуна жол бербөөгө чакырат.

Количество просмотров: 1167