Бишкекте “Эркин-Тоо” басмаканасын бузуу иштери кайра жанданып, учурда иштер жүрүп жатат.
Эркиндик бульвары менен Киев көчөсүнүн кесилишиндеги атактуу имарат 1931-жылы курулган. Андан кийин ал басмакана деп аталып калган. Ал жерде совет доорунда көптөгөн гезит-журналдар басылып чыгып турган.
2015-жылы №1 басмакана архитектуралык эстелик макамынан ажыратылган. Ал эми Маданият министрлиги объект архитектуралык, шаар куруу жана тарыхый-маданий баалуулугун жоготуп, калыбына келтирүүгө мүмкүн эместигин билдирген.