Бишкек шаарында эскирип кеткен нандарды таштай турчу атайын челектер коюлуп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, Урналар жаш активисттер тарабынан демилгеленген. Активисттер эскирип кеткен нан азыктарын өздөрү ташып кетип, «Тазалык» ишканасынын кызматкерлеринин ишин жеңилдетет.
Мындай ыкма таштанды челектеринин жанында кароосуз калган жаныбарлардын санын азайтууга жардам берет. Жыл ичинде 1500 урнаны орнотуу пландалууда.