• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Бишкекте газдаштыруунун деңгээли эки эсе жогорулады

14 Баш оона 202413:13 Бишкек Govori.TV

“Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы иштегенден бери өлкөдө газдаштыруунун деңгээли эки эсе жогорулады.

Учурда өлкөдө газдаштыруу иштери кызуу жүрүүдө. Мындан 10 жыл мурун газдаштыруунун деңгээли 22 пайыз болсо, учурда бул көрсөткүч эки эсе өсүп, 40 пайызга жетти.

“Бишкекгаз” филиалынын башчысынын орун басары Ислам Абдикаровдун айтымында, өткөн жылы 12 конуш көгүлтүр отко туташтырылды.

“Былтыр инвестициялык программанын негизинде эки гана калктуу конушту газдаштыруу пландалган. Бирок жарандардан келип түшкөн кайрылууларды эске алып жана Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу максатында газдаштыруунун санын көбөйттүк”, — деди ал.

Белгилегендей, көчөдө тартылган газ түтүктөрү “Газпром Кыргызстан” компаниясы тарабынан акысыз орнотурулат. Бирок жарандар газды үйүлөрүнө өз каражаттарына тарттырып, киргизишет.

Ал «Газпром Кыргызстан» Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык макулдашуусунун негизинде 2014-жылдан бери иштеп келерин эске салды.

Количество просмотров: 86