• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте «Газпромдун» мектебинин директору алмаштыбы?

13 Бештин айы 2019 17:07 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын каражатына курулган мектептин директору алмашты. Бул тууралуу Kaktus.media сайты жазды.

Маалыматка ылайык, 9-январдан тартып мурдагы директор Азамат Дикамбаевдин ордуна №9 мектеп-гимназиясынын мурдагы директору Валентина Лисниченко келет.

Ал эми Азамат Дикамбаев жумуш ордуна ошол эле режимде иштеп жатканын билдирген.

“ Азыркы учурда мен мектептемин. Ал эми мектеп директору тууралуу комментарий бере албайм”,-деп билдирген Дикамбаев.

Эске салсак, “Газпром” компаниясы “Газпром – балдарга” социалдык-программасынын алкагында Бишкектин “Асанбай” кичи районунда 960 орундук мектеп курган. Жаңы мектептин заманбап имараты, жакшы инфраструктурасы, билим берүү жана интерактивдүү мүмкүнчүлүгү Кыргызстан үчүн жакшы белек болгон. Бирок, мектептин курулуш аяктап калган кезде, Бишкектин мэриясынын аны башкаруу мүмкүнчүлүгү жок экендиги аныкталган.

 
Количество просмотров: 76