Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Алдын ала маалымат боюнча, Октябрь районун Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан имараттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин 4 өрт өчүрүүчү бөлүм, ККББдан ыкчам топ, 1 автошаты жана Штаб тартылган.
Өрт саат 16:11де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Өрттүн аянты болжол менен 700 ч.м. күйгөн.
Жабыркагандар жок.