• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте индиялык жаран 12-кабаттан кулап, каза болду

14 Үчтүн айы 202218:34 Бишкек Govori.TV

Бишкектин борборунда көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан Индиянын жараны кулап түштү. Күбөлөрдүн айтымында, эркек киши бүгүн, 14-январда түшкө маал 12-кабаттан боюн таштаган.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, саат 12.30да Ибраимов көчөсүндө белгисиз адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу зомбулук менен өлүмдүн сырткы белгилери жок жансыз денени табышкан. Ал индус тектүү 1962-жылы туулган Кыргызстандын жараны экени аныкталган.

Количество просмотров: 266