• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Бишкекте ишембилик өттү

14 Аяк оона 202418:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков жана Биринчи май райондук администрациясынын кызматкерлеринин катышуусунда Пригородное айылындагы И.Таранчиев атындагы сейил багында ишембилик өткөрүштү.

Адистер биргеликте паркты таштандылардан тазалап, отургучтарды сырдашты. Учурда 7 тонна катуу тиричилик таштандылары чыгарылып, куураган чөп, жалбырак, бак-дарактардын бутактары жыйналып алынды.

Иш-чара салттуу түрдө 15-сентябрда өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө арналган.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 21-сентябрында жалпы республикалык ишембилик өткөрүлөт.

Количество просмотров: 78